Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 19:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезити жазды. 


Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-сентябрында кабыл алынып, 31-октябрда жарыяланган. Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү ченемдик укуктук актыларга тактоолор киргизилди. 


Мыйзамдын негизги жоболору: 

9-беренеде банк мыйзамдарынын жоболору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине жайылтылбайт деп кошумчаланат.


40-беренеге толуктоо киргизилди, ага ылайык Улуттук банк Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин лицензиялоону, көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну ишке ашырбайт.


Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн