Өлкө боюнча бардык мектептерге жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасаганда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда бул маселенин үстүндө ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын адистери жана Агартуу министрлиги иштеп жатат.
Ноябрдын соңуна чейин коомчулукка деталдуу маалымат берилет.
"Эмнеге 14 ай? Анткени биринчиден 11-12-класстын окуучулары сентябрдан окуп баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша маалыматты бир жыл арасы өздөштүрүшөт.
Практикалык окуулар жаан, кыш мезгилине, аба ырайына жараша дагы окутулат.
Муз жолдордо, карда кантип айдоо керек, караңгыда эмнеге көңүл буруу керек, жолдордо унааң бузулган учурдагы биринчи аракеттериң кандай болот деген өңдүү практикалык сабактар кирери күтүлүүдө.
14 ай дегени сынактарды тапшырганда өтпөй калгандар кайра даярданып келгиче дагы убакыт керек болорун эске алуу менен белгиленди.
Мектеп окуучулардын баардыгын окуткандын зарылчылыгы канчалык, айдоочулук күбөлүк алам дегендерди эле окутса болбойт беле деген да суроо туулушу ыктымал.
Каалайбызбы, жокпу баарыбыз эле жол кыймылынын катышуучусу болобуз. Унаа айдаганы да, жөө жүргөнү да.
Андыктан жаштарыбыз жол кыймылынын эрежелери боюнча маалыматы болсо ашыкча болбойт. “Унаа айдабайм, мага айдоочулук күбөлүктүн кереги жок” дегендер акыркы сынактарга катышпай койсо өз эрктери", - деди өлкө башчысы.
Мындан тышкары, президент техникалык база жетиштүү экенин, бардык аймактарда автомектептер болорун кошумчалады.
"Практикалык сааттар ошол жерде өтөт. Теориялык сабактар жогоруда айткандай мектептеги класстарда өтөт.
Ал эми мектепти, жогорку окуу жайды бүткөн чоң кишилер автомектептерде окушат. Аларга окуу мөөнөтү интенсивдүү жана азыраак болушу мүмкүн", - дейт мамлекет башчысы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн