Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Милиция кызматкерлерин жана жалпы кыргыз элин сөккөн кыз 15 күнгө камакка алынды

Милиция кызматкерлерин жана жалпы кыргыз элин сөккөн кыз 15 күнгө камакка алынды


Бишкекте милиция кызматкерлерин жана жалпы кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен тилдеген кыз 15 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү саат 17:30 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен бет кап тагынбай көчөдө жүргөн кызды токтотушкан. Ага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө ал оозго алгыз сөздөр менен сөгүнүп, милиция кызматкерлерине жүктөлгөн мыйзамдуу талаптарды аткарган эмес. Кыз коомдук тартипти бузуп, өзүн абдан агрессивдүү көрсөтүп, милиция кызматкерине каршы күч колдонуп, кол да көтөргөн.


Мындан улам бул факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


Ал эми коомдук тартипти бузган кыздын аты-жөнү такталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран экени аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, ал 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн