Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Милиция кызматкерлерин жана жалпы кыргыз элин сөккөн кыз үй камагына чыгарылды

Милиция кызматкерлерин жана жалпы кыргыз элин сөккөн кыз үй камагына чыгарылды


Милиция кызматкерлерин жана жалпы кыргыз элин сөккөн кыз үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.  


Маалыматка ылайык, кечээ, 21-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту милиция кызматкерлерине баш бербей, бейбаштыкка шектелген кыздын баш коргоо чарасын караган. Анын жыйынтыгы менен мурунку чечим өзгөртүлгөн. Эми ал кыз өндүрүш иштеринин алкагында үй камагында болот.


Эскерте кетсек, буга чейин интернет айдыңына милиция кызматкерлеринин айтканын укпай аларды жана жалпы кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен сөккөн кыздын видеосу тараган. Кийин көп узабай,  "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, 15 күнгө камакка алынган болчу.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн