Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:03
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

НДПК партиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетилди

19.04.2021 09:53
1423
НДПК партиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетилди



Аймактык Шайлоо Комиссиясы НДПК партиясын шаардык кеңешке өткөн шайлоодон чыгарууну чечти. Бул тууралуу Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынан билдиришти.


Маалым болгондой, АШК партиянын добуш сатып алуу мыйзам бузууларга тиешеси бар деп чечим чыгарган. Азырынча териштирүү иштери жүрүүдө.


Эскерте кетсек, 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия, ал эми Ошто төрт партия өткөн.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Каримбеков Адилет
Баарыныздарга сабыр рамазан айында
Аматова Элнура Абдикеримовна
Эн туура