Тогуздун айы 21, 2025
Убакыт: 22:55
USD
87.30
87.80
EUR
101.25
102.25
RUB
1.070
1.115

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барды

09.10.2025 16:40
178
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда президент Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстанга иш сапары менен келди.


Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.


Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.


Мамлекет башчысы сапарынын жүрүшүндө "Борбор Азия – Россия" экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.


Ошондой эле КМШ мейкиндигинде жана "Борбор Азия – Россия" форматында практикалык өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерди кароо жана кабыл алуу күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн