Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президенттин администрациясынын коллегиясында министрликтердин ишмердүүлүгүнө баа берилди

25.04.2024 13:53
204
Президенттин администрациясынын коллегиясында министрликтердин ишмердүүлүгүнө баа берилди


Президенттин администрациясынын коллегиясынын жыйынында 2023-жылга министрлер кабинетинин Иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыктары каралды.

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сыдыков белгилегендей, министрлер кабинетинин иш-чаралар планына 554 иш-чара киргизилген, анын ичинен жети иш-чара 2024-жылга жылдырылды.

547 иш-чаранын ичинен:

  • 430 (79%) аткарылды,
  • 117 (21%) аткарылган жок.

16 мамлекеттик орган "эң жакшы", 15 "жакшы", бир "канааттандырарлык" жана бир "канааттандырарлык эмес" деген баа алган.

►"Эң жакшы" деген баа алган мамлекеттик органдардын үчилтиги:

  • Ички иштер министрлиги,
  • Улуттук статистикалык комитети,
  • Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги.

►"Жакшы" деген баа алган мамлекеттик органдардын ичинен биринчи үч орунду:

  • Саламаттык сактоо министрлиги,
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
  • Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү,
  • Экономика жана коммерция министрлиги ээледи.

Ал эми Коргоо министрлигине “канааттандырарлык”, Улуттук инвестиция агенттигине “канааттандырарлык эмес” деген баа берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн