Бугу 09, 2025
Убакыт: 05:53
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.040
1.090

Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө. Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Астанага барат

10.10.2022 12:47
398
Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө. Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Астанага барат

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы  бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.



“Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат.


Андан соң, 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.


Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммитке катышат.


Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат”, - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн