Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:53
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өлкөдө коменданттык саат киргенден бери 3167 тартип бузуу катталды

22.04.2020 09:21
935
Өлкөдө коменданттык саат киргенден бери 3167 тартип бузуу катталды


Бүгүн, 22-апрелге карата Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 83 жаран жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулду.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 59,

Жалал-Абад шаары боюнча – 7,

Ош шаары боюнча - 7,

Нарын шаары - 2,

Ат-Башы району боюнча - 3,

Сузак району боюнча - 5.

Ал эми Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган жок.


Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3167 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн