Бугу 03, 2025
Убакыт: 03:13
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Реванш алды. Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн эл аралык мелдеште чемпион болду

25.02.2023 07:35
568
Реванш алды. Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн эл аралык мелдеште чемпион болду

Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды.


Ал 62 кг салмакта күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган.


Тыныбекова Франция, АКШ жана Украинанын спортчуларын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыкты.


Чечүүчү беттеште Кыргызстандын атаандашы Кытайдын өкүлү Сяожюан Луо болду. Тыныбекова бул кытайлык кыз менен Хорватияда өткөн рейтингдик турнирде беттешип, 1/8 финалда 4:10 эсебинде утулуп калган.


Бул жолу Тыныбекова реванш алып, 3:2 эсебинде жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүсү болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн