Бугу 22, 2024
Убакыт: 09:10
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Шайлоодон четтелген НДПК партиясы кайрылуу жасады

19.04.2021 10:18
1232
Шайлоодон четтелген НДПК партиясы кайрылуу жасады

Бүгүн, 19-апрелде Бишкек Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн НДПК партиясын шайлоодон четтеткени маалым болду. Буга байланыштуу партия кайрылууу жасады. 


НДПКнын билдирүүсүнө ылайык, Аймактык шайлоо комиссиясы негизсиз жана мыйзам бузуу менен партияны шайлоодон четтеттүүдө. 


"Бүгүн аймактык шайлоо комиссиясы негизсиз жана мыйзамга каршы келген чечимди жарыялады. НДПК партиясы бул чечимге караманча каршы. 


Шайлоодо мыйзам бузуу жана добуш сатып алуу аныктала элек эле мындай чечим чыгаруу акылга сыйбаган аракет. 


Мындан сырткары, айрым партиялардын административдик ресурс колдонгону аныкталганда ал партияларга эскертүү же жеке талапкер четтетилет да далилденбеген мыйзам бузуу үчүн НДПКны шайлоодон четтеттүү такыр түшүнүксүз.


Биз өз жеңишибизди жана артыбызда турган НДПК партиясынын шайлоочуларынын укугун коргоо үчүн күрөшөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн