Баш оона 08, 2025
Убакыт: 20:25
USD
87.30
87.80
EUR
101.40
102.40
RUB
1.090
1.125

Садыр Жапаров Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту

08.08.2025 16:59
17
Садыр Жапаров Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.


Эске салсак, аталган австрия-швейцариялык топ Чүй облусундагы "Ала-Арча" жаратылыш паркында жана Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринде аркан жолун куруу долбоорун ишке ашырууда.


Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, курулуштун графигин сактоонун жана иштин жогорку сапатын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилешти.


Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан объектилер өлкө тургундарын да, чет элдик конокторду да кызыктырган маанилүү туристтик жайларга айланарына ишенимин билдирди.


Өз кезегинде Михаэль Доппельмайер көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, компания Кыргызстан менен кызматташканына сыймыктанарын жана долбоорлорду аткаруунун эл аралык стандарттарга шайкеш жогорку деңгээлин камсыздоого даярдыгын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн