Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты

06.05.2024 18:02
345
Садыр Жапаров Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында регионду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине арналган жумушчу кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысына таза суу менен камсыздоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу жана реконструкциялоо, көп батирлүү ипотекалык үйлөрдү тургузуу, ошондой эле өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, бул долбоорлор жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруу үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Муну менен катар мамлекет башчысы Кара-Суу районундагы “Туратали” базарын мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча аткарылган иштер тууралуу да маалымат алды.

Садыр Жапаров бардык жооптуу түзүмдөрдүн ишин күчөтүүнү тапшырып, региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугу – жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун башкы критерийи экенин эске салды.

Президент Садыр Жапаров тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, президенттин администрациясына отчеттук маалыматтарды үзгүлтүксүз берип туруу зарылдыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн