Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров: Сотторго басым болсо жеке мага чалгыла

05.03.2021 12:32
946
Садыр Жапаров: Сотторго басым болсо жеке мага чалгыла

Соттун калыстыгына, ишбилгилигине, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттерди жасоо, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларын бузуу жана башка ушундай терс көрүнүштөр жеке судьянын гана аброюна шек келтирбестен, жалпы мамлекеттин беделине дагы шек келтирет. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сот корпусунун алдында сүйлөп жатып билдирди.


Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчилиги үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийилик системасына муктаж.

Ал мындай системаны куруу башка мамлекеттик бийлик бутактарынан көз карандысыз, күчтүү жана ачык-айкын сот бийлигин түзүү менен түздөн-түз байланышта экенин, сот системасынын азыркы абалы жана аброю, эч кимге сыр эмес, мурда болуп көрбөгөндөй өтө төмөн деңгээлге чейин түшүп кеткенин баса белгиледи.

«Буга биринчиден судьялар өздөрү күнөөлүү. Ошондуктан, бүгүн мен соттордун айланасында түзүлгөн жакшы эмес кырдаалды жеңүү, судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюу, жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыган бекемдөө жолдору тууралуу сиздер менен бетме-бет ачык сүйлөшкөнү келдим. Албетте бул сөздөр кесиптик майрам күнү анчалык деле жагымдуу эмес болушу мүмкүн. Бирок тандап отурууга убакыт жок, элдин үмүтү менен ишеничин актоого мезгил келип жетти жана көптөн бери чогулуп келген көйгөйлөрдү тезинен биргеликте, жапа тырмак чечүүгө милдеттүүбүз. Болбосо тарых бизди кечирбейт!», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Президент жакынкы арада жаңы Конституция кабыл алынып, мамлекетибизде конституциялык чоң реформалар ишке ашырыларына токтолду.

«Алардын алкагында соттук-укуктук реформа боюнча дагы алгылыктуу иштер кечиктирилгис шартта аткарылууга жатат, себеби өзүнүн чечимдери менен соттор жашоонун бардык жактарына таасир этет жана биз декларативдүү түрдө эмес, реалдуу түрдө сот тутумунун өнүгүүсүнүнө зарыл болгон институционалдык жана укуктук-ченемдик негиздерди түзүп беришибиз керек», — деди Мамлекет башчысы.

Анын айтымында, сот — бул миңдеген адамдардын тагдырлары чечилип жаткан өзгөчө маанидеги мамлекеттик институт болгон соң, соттук каталарды кетирбөө, текеберлик менен коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана алар менен чындап күрөшүү өтө зарыл.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
30жыл бою угуп келаткан создор