Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Салык кызматы бир айда 20 млрд сомдон ашык салык чогултту

07.12.2023 16:45
565
Салык кызматы бир айда 20 млрд сомдон ашык салык чогултту


2023-жылдын ноябрында эле 20 млрд сомдон ашык салык чогултулду. Бул 2015-жылга чейин бир жыл чогултулган салыктын көрсөткүчүнө барабар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 10 айында 168 млрд сомдон ашык салык жыйналды.

“Бул фискалдаштыруу долбоорунун жыйынтыгы. Ошондой эле, “салык чек” лотереясы аркылуу жарандардын жардамы менен болуп жатат. Алар дагы чекти талап кылып сурап жатышат. Себеп дегенде ар бир чектин артында салык бар. Мунун арты менен салыктын көлөмү көбөйөт”, - дейт Нурлан Умтулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн