Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:53
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Съездбек Таштакеев: “Алмазбек Акматалиевдин сунушу менен экинчи дипломго ээ болдум”

22.11.2023 10:11
650
Съездбек Таштакеев: “Алмазбек Акматалиевдин сунушу менен экинчи дипломго ээ болдум”


9 шахматчы баланын атасы, акыл-эс оюну дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган Съездбек Таштекеев иним жакында эле Жусуп Абдрахманов атындагы президенттин алдындагы башкаруу академиясында магистрдик курсун 50 жаштын кырында аяктап, артыкчылык дипломдун ээси болду.             


- Съездбек, эмне максатта экинчи жогорку билим алууну көздөдүң?


- 2021-жылы 47 жашымда Ж.Абдрахманов атындагы президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында жаңы ачылган мамлекеттик муниципалдык санариптик башкаруу факультетине тапшыргам. Өзүңүз билгендей, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук акимиатта курулуш транспорт тармагында 12 жылдай иштедим. Бул жылдары балдарым чоңоюп, окуусунан тышкары шахмат оюну менен алек болушуп, алардын арты менен КР шахмат федерациясынын вице-президенти кызматын эки жылдай аркаладым. Ошол кезде мамлекеттик кызматты аркалоо боюнча регионалдык резервге катталып, атайын комиссиядан өттүм. Комиссиянын мүчөлөрү Кыргызстанга аттын кашкасындай белгилүү инсандар мага баалуу кеңештерин айтышты. Ал эми Алмазбек Акматалиев өзү жетектеген АГУПКРда жаңы факультет ачылып атканын жана мага мындан аркы мамлекеттик кызматтарда иштөөдө абдан керектигин баса белгиледи. Эртеси эле барып окууга тапшырып, кечки окуу бөлүмүндө эки жыл кадимкидей студент болуп окудум.


- Өзүң бу кездерде шахмат мектебин жетектеп аттың, окууңа тоскоол болбодубу?


- Кечки саат алтыга чейин баардык иштеримди бүткөрүп, бир да сабагын калтырбай активдүү студент болдум. Дипломдук ишимди, магистрдык сабактарымдын баарын “эң жакшы” деген бааларга тапшырып, артыкчылык диплом менен бүттүм.


- Сага диплом эле керек болдубу же билимдүү болууну да эңседиң беле?


- Мурунку дипломду КМУнун филология факультетинен алгам. Анда бир кылка курактагылар менен окуп, күндө майрам, күндө той, туулган күн же башка майрамдар болуп, сессия учурунда катуу окуп, калган учурда эл катары бүткөм. А бул жерде чындап эле азыркы замандын талабына жооп бере турган билимди алгым келди. Ошон үчүн жанталашып окудум. 


- Курсташтарыңда эң эле улуусу сен болсоң керек?


- Улуусу да, сулуусу да мен болдум (күлүп).


- “9 баланын атасы” деп суктанган, көз арткан сулуу кыздар болдубу?


- Сурат байке, бу жагы кийинкиге калсын, өзүнчө тема болсун. Бир кызыктуу окуяны ушу кезде башыман кечирип жүрөм, ал адашыппы же менби, билбейм...   


Маектешкен: Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн