Кечээ президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузак районуна караштуу Арал айылынын Майда-Мундуз тилкесинде ишке ашкан таза суу долбоорунун ачылыш аземине катышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган долбоор облус аймагында алгачкы жолу күн панелдеринин жардамы менен ичүүчү таза суу чыгаруу системасын орнотуу максатында ишке ашырылып, пайдаланууга берилди.
Долбоор 2025-жылдын июль айында башталып, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Ага жалпы 6 млн 833 миң сом каражат жумшалып, натыйжада 300 кожолук таза суу менен камсыз болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Тилек Текебаев аталган долбоор “жашыл энергияны” колдонуу менен таза суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун артыкчылыктуу үлгүсү экенин белгиледи. Анын айтымында, күн панелдеринин жардамы менен суу чыгаруу — экологиялык жактан таза, заманбап жана туруктуу чечим болуп саналат.
Ошондой эле облус башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча 32 айыл жана 3 шаарда таза суу долбоорлору ишке ашырылып жатат. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында алардын ичинен 5 айылда иштер толугу менен аяктап, элдин колдонуусуна берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн