Жетинин айы 14, 2025
Убакыт: 15:02
USD
87.30
87.80
EUR
101.40
102.40
RUB
1.075
1.105

Талапкер Сүйүнбек Өмүрзаковго үгүт эрежелерин бузганы үчүн айып салынды

Талапкер Сүйүнбек Өмүрзаковго үгүт эрежелерин бузганы үчүн айып салынды

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.


БШКдан билдиришкендей, маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.


Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы Махмуд Абдубалиев аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган.


Жумушчу топ аталган талапкерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.


Жумушчу топтун чечиминин негизинде, БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн