Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Темирлан Аскеров, активист: “Жакшы шарттар болсо, Кыргызстанга миллиарддаган долларлар агылат”

29.08.2023 09:35
1580
Темирлан Аскеров, активист: “Жакшы шарттар болсо, Кыргызстанга миллиарддаган долларлар агылат”


- Тышкы карыз дайым жүрөк өйүп турат, экономикабыз гүлдөп, өнүгүп кеткен жери жок. Же жарыган инвестор деле тарта албадык. Тышкы карыздын арты коркунуч туудурбайбы?


- Негизи тышкы карыздар дүйнөлүк практикада көп эле мамлекеттерде бар. Тышкы, ички карыз дагы алат. Анткени азыр пайызсыз гранттар, насыялар бар. Аларды албаса мамлекет көп долбоорлорду ишке ашырбай, ордунан жылбай токтоп калышы ыктымал. Мен бул жактан эч кандай коркунуч көрбөйм. Эң негизги башкы маселе – алынган карыздар туура сарпталып, натыйжалуу коротулганында. Эффективдүүбү, эффективдүү эмеспи, туура пайдаланылабы – кептин баары ушунда. Кайсы максатта, эмнеге коротуп жатат? Ар бир тыйынын санап, акчаны туура башкарса, бул маселе эмес. 


Келишимдер кандай шарттар менен түзүлгөнүн караш керек. Эгер келишимдер кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербесе, демек, бул келишимдерде коркунуч бар. Мисалы, Американын деле шумдук карызы бар. Алардын “төлөй албайбыз, эгемендигибизге шек келет” дегенин уккан эмесмин. Мурунку бийлик Кытай менен болгон карыздары боюнча туура эмес келишим түзсө, керек болсо кылмыш ишин козгоп, териштирүү зарыл. Эң башкысы, келишим кандай шартта түзүлгөнүн, акча кайда коротуларын кароо зарыл. 


Экинчи маанилүү багыты – инвестицияларды тартып келүү өлкөгө ишкерликтин шартын түзүп, жеке менчикти коргоп, кылмыштуулук менен күрөшүп, аларды түп-тамыры менен жок кылуу зарыл. Кармап коюп, кайра коё бере бербей, акырына чейин күрөшкөн оң. 


Эгер ушул шарттар болсо, инвесторлор келет, жеке инвестиция менен Кыргызстанга миллиарддаган долларлар агылат. Ошондо элибиз өнүгөт, миграция да токтойт. Өлкө дагы туруктуу болот.


Жамиля Нурманбетова 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн