Бештин айы 06, 2023
Убакыт: 10:12
USD
89.20
89.72
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
1.000

Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору алмашты

22.09.2023 13:29
1857
Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору алмашты


Айнагүл Токабаева Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу киностудиянын социалдык тармактардагы баракчаларында маалымдалды.


Мурдагы жетекчи Акжолтой Бекболотов 2020-жылдан бери иштеп келген.


Продюсер Айнагүл Токабаева Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун экономика факультетин бүтүргөн. 2007-жылдан бери «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп эмгектенген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн