Теке 27, 2024
Убакыт: 15:33
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Улуттук банктын резерви бир айда 166 млн долларга көбөйүп рекорд койду

17.05.2024 11:08
690
Улуттук банктын резерви бир айда 166 млн долларга көбөйүп рекорд койду


Улуттук банктын алтын-валюта (эл аралык) резервинин көлөмү апрелдин аягында 3 миллиард 657,1 миллион доллар деп бааланды. Суммасы бир айда дээрлик 166 миллион долларга өскөн.


Учурдагы көрсөткүч тарыхта рекорддук болуп саналат. Буга чейин эң жогорку чеги март айынын соңунда 3 миллиард 491, 2 миллион доллар болуп катталган.


Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат. Алардын баасы доллар эквивалентинде жарыяланат.


Белгилей кетсек, өткөн айда Улуттук банк чет элдик валютаны төрт жолу сатып алып, ал жалпысынан 86 миллион 650 миң долларды түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн