Кулжа 29, 2025
Убакыт: 17:42
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Улуттук госпиталда жаңы МРТ ишке киргизилип, үч күн акысыз диагностика жүргүзүлөт

22.11.2023 09:48
342
Улуттук госпиталда жаңы МРТ ишке киргизилип, үч күн акысыз диагностика жүргүзүлөт


Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук госпиталда жаңы магниттик-резонанстык томография (МРТ) ишке киргенин айтып, үч күн акысыз диагностика жүргүзүлөрүн белгиледи.


Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, акысыз диагностика үч күнгө созулат.


"Жарандар 22-24-ноябрь күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча кабыл алынат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.


МРТ аппаратына акысыз түшүүнү каалагандар алгач бейтапканадан дарыгердин жолдомосун алышы шарт.


"Андан башка алдын ала даярдыктын кереги жок, болгону ички органдарын текшертүүдө ачкарын баруу зарыл", — деп айтылат кабарда.


Акысыз диагностикадан өтүү үчүн 0709905511номери аркылуу жазылса болору кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн