Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Бишкекке келди

04.06.2023 12:05
334
Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Бишкекке келди


Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары (Европа жана Борбордук Азия боюнча жооптуу) Лео Докерти Борбордук Азиядагы аймактык турунун алкагында 4-5-июнь күндөрү Кыргызстанда расмий иш сапары менен келди. Мындай маалыматты Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги билдирди.


Белгиленгендей, бул британ министринин 2016-жылдан берки биринчи сапары.


"Лондон ансыз деле күчтүү эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүүнү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү талкуулоону чыдамсыздык менен күтөт", - деп айтылат билдирүүдө.


Бишкекте Лео Докерти министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, эки тараптуу мамилелер жана өнөктөштүк, аймактык коопсуздук, Ооганстан жана соода, ошондой эле Улуу Британияга мүмкүн болуучу сапарларды талкуулайт.


Андан соң Казакстан менен Өзбекстанга барат.


Лео Докерти 2022-жылдын сентябрынан бери Европа жана Борбор Азия боюнча министрдин орун басары болуп иштеп келген. Бул анын мындай кызматтагы аймакка биринчи сапары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн