Венгриялык ишкерлер Кыргызстан менен ГЭС куруу боюнча кызматташууга даяр. Бул тууралуу суу технологиялары боюнча венгер-кыргыз форумунда AHEAD компаниясынын өкүлү Сёллан Андраш билдирди.
Анын айтымында, алардын компаниясы инфраструктура жана суу курулмаларын курууга адистешкен.
"Венгрия тегиз түздүктө жайгашкан өлкө болгондуктан, биз суу ресурстарыбызды натыйжалуу башкарышыбыз керек. Көпүрөлөрдү куруп, инфраструктураны жана суу жеткирүү менен байланышкан бардык нерселерди жаңыртабыз. Биздин негизги ишибиз-суу инженериясы, дренаж тутуму, метро, шоссе, канализация ошондой эле суу астындагы курулушту ишке ашыруу.
Биз жаңы жана эски өнөктөштөр менен кызматташууга даярбыз. Ошондой эле сунуш кылган тармактар, ГЭС долбоорлору боюнча кызматташуу үчүн жергиликтүү өнөктөштөр менен иштөө мүмкүнчүлүгүн издеп жатабыз. Кызматташууга даярбыз", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн