Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жалал-Абад облусунда 1,5 кг жакын гашиш сатууга аракет кылган жарандар кармалды

Жалал-Абад облусунда 1,5 кг жакын гашиш сатууга аракет кылган жарандар кармалды



Ош шаары жана Ош областы боюнча ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңги каражаттарын мыйзамсыз сатуу каналдарын токтотуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө гашиш тараткан жарандарды аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош облусунун Кара - Суу районунун 24 жаштагы Т.Ф. жана 25 жаштагы А.С. баңги аткезчилеринин инсандары аныкталды. Ыкчам кызматкерлер 1 кг.435 грамм салмактагы «гашиш» (чарс) баңги каражатын сатууда шектүүлөрдү кармашкан. 


Аталган факт, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Т.Ф. жана А.С. кармалгандар Жалал-Абад ш. ИИБнын УКЖга киргизилди.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча БМЖККК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн