Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жанар Акаев: Бабанов "Центерранын" эмес Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеген

08.06.2021 10:12
2275
Жанар Акаев: Бабанов "Центерранын" эмес Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеген

Бабанов "Центерранын" эмес Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеген. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбук баракчасына жазды. 


"Өмүрбек Бабанов жетекчилик кызматта турганда “Центерранын” эмес, Кыргызстандын гана кызыкчылыгын коргоп келгени баарыбызга маалым! 2012-жылы Кумтөргө мурдагы бийлик берип салган 16 миң 330 гектар жерибизди Кыргызстанга кайтарган дал ушул Бабанов болду. Бирөөгө жагабы, жакпайбы, бул кашкайган факты! Фактыга, далилге таянбай туруп саясий ишмерлерди четинен СИЗОго камай бергенине мен башынан каршы чыгып келатам, биз түшүнүк менен эмес, мыйзам менен жашашыбыз керек. Жапаров да, Текебаев да мыйзамсыз камалганын айттым эле, мына, Бабанов да мыйзамсыз камалды жана соттук териштирүү жабык болуп, журналисттерден бекинип, одоно мыйзам бузуу менен өтүүдө!",- деп билдирди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн