Баш оона 06, 2025
Убакыт: 14:29
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.087
1.110

Жанар Акаев: "Альянс" фракциясы мындан ары комитет төрагалыгына талапкер көрсөтпөйт

20.10.2022 15:22
613
Жанар Акаев: "Альянс" фракциясы мындан ары комитет төрагалыгына талапкер көрсөтпөйт

"Альянс" фракциясы мындан ары комитет төрагалыгына талапкер көрсөтпөйт. Мындай пикирин бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.


"Жаңы шайланып келгенде "Альянс" фракциясына Эл аралык мамилелер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетине төрага тандоо берилген. Мен 2 ай башкардым, андан кийин Чыңгыз Айдарбеков башкарды.


Мен дайыма парламентаризмди жактаганмын. Бүгүн дагы жоопкерчилик менен айтып коёюн биз бир адамдын диктатурасын орнотууга эч качан жол бербейбиз",- деди депутат.


Мындан сырткары Акаев мындан ары "Альянс" фракциясы комитет төрагалыгына талапкер көрсөтпөй турганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн