Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жыйынга Израилдин өкүлдөрү чакырылган эмес. Парижде Газага жардам берүү маселеси көтөрүлдү

10.11.2023 11:52
1884
Жыйынга Израилдин өкүлдөрү чакырылган эмес. Парижде Газага жардам берүү маселеси көтөрүлдү


80дей өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Парижде Газа тилкесине берилген жардамды координациялоо маселесин талкуулап жатышат. Ошол эле маалда байкоочулар согуштук аракеттерде тыныгуу жарыяланмайынча, конкреттүү кадамдарды ишке ашыруу кыйын болорун айтышат.

Париждеги жыйынга Палестина автономиясынын премьер-министри катышууда, Израилдин өкүлдөрү ага чакырылган эмес. Франция Израилге жыйында айтылгандар тууралуу маалымат берилип турарын билдирди.

Француз башкалаасына Египет, Иордания жана Перс булуңундагы мамлекеттер сыяктуу регионалдык оюнчулар, Батыш өлкөлөрүнүн, "Чон жыйырманын" Орусиядан тышкаркы өкүлдөрү келди. Газада иш алып барган эл аралык бейөкмөт уюмдар да катышууда.

Бирок мамлекет жана өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери өңдүү жогорку жетекчилердин аз келишин бейөкмөт уюмдар сындап чыгышты.

Конференцияда Газага 1 жарым миллиард доллардан ашуун каражат бөлүү, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн өткөөлдөрдү ачуу маселеси талкууланат.

Франциянын расмий өкүлү ХАМАС барымтага алган адамдары бошотуу маселеси да ортого салынарын билдирди.

Белгилей кетсек, ХАМАС 7-октябрда Израилге кол салып, жүздөгөн киши каза таап, 200дөн ашууну барымтага алынгандан кийин жөөт өкмөтү жооп иретинде жоочуларга каршы согуш ачкан. Ошондон бери палестин анклавында миңдеген киши өлтүрүлдү, жараат алды жана бомбалоолордон качып жер которууга мажбур болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн