Кулжа 30, 2025
Убакыт: 04:33
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Жогорку Кеңештин комитети "жайыттар жөнүндө" талаштуу мыйзам долбоорун колдоду

29.03.2022 09:02
687
Жогорку Кеңештин комитети "жайыттар жөнүндө" талаштуу мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 28-мартта Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.


Бул долбоорго байланыштуу коомдо, парламентте талаш-талкуу чыккан. Депутат Султанбай Айжигитов документ "жерди бай адамдарга алып берүүгө жол ачарын” эскерткен.


Айыл чарба министрлиги долбоор жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталганын билдирген. Ошондой эле жалпы жайыттардын 10% бакча катары өздөштүрүлөрүн, бул Кыргызстандагы жемиш бактары тигилген жерден эки эсе көп экенин түшүндүргөн.


Министрлик өздөштүрүлгөн жайыттар жеке менчикке берилбей турганын, айыл чарба аянтынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилип, 5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилерин белгилеген.


Кыргызстанда жалпысынан тогуз миллион гектар жайыт бар. Чөп жакшы чыкпаган, кунарсыз жайыттар 500 миң гектарга чейин деп эсептелген.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн