Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

"Арстанбап" жана "Арстанбап-Ата" пансионаттары мамлекетке өттү, — Туманбаев

03.04.2024 15:02
690
"Арстанбап" жана "Арстанбап-Ата" пансионаттары мамлекетке өттү, — Туманбаев


Жалал-Абад облусундагы "Арстанбап" пансионаты менен "Арстанбап-Ата" турпансионаты мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, президенттин тапшырмасы менен аталган эс алуу жайларына жаңы дем берилет.

"Профсоюздар федерациясынын карамагындагы дээрлик баардык эс алуу жайлар талкаланып, жараксыз абалга келген. Биздин миссия инвестициялык долбоорлор же өз күчүбүз менен заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, пайда алып келе турган даражада эффективдүү иштеп кетүүсүнө шарт түзүү болуп эсептелет", - деди Туманбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн