Кулжа 17, 2025
Убакыт: 10:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

"Чалдыбар-автодорожный" өткөрүү пунктунда адамдарды, транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулат

20.11.2023 09:18
392
"Чалдыбар-автодорожный" өткөрүү пунктунда адамдарды, транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулат


"Чалдыбар-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, чектөө 20-ноябрда саат 9.00дөн 11.00гө чейин Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун жаңылануусуна байланыштуу жүргүзүлөт.


“Чалдыбар-автодорожный” өткөрүү пункту кыргыз-казак чек арасында жайгашкан жана эл аралык болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн