Аяк оона 04, 2025
Убакыт: 14:40
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.075
1.100

"Кеша" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

04.09.2025 11:16
23
"Кеша" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


"Кеша" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 2009-жылдан бери ыкчам каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Камчы Асанбектин (Көлбаев) тарапташы, мурда А.Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон – Р.К.Р. (каймана аты "Кеша") кармалды.


Р.К.Р. 2016-жылы тыюу салынган баңги заттарын саткандыгы үчүн 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген. Жазасынын жарымын өтөгөндөн кийин, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз берип, Токтогул райондук соту аны канааттандырган. 2022-жылдын 18-октябрынан 2025-жылдын 13-мартына чейин пробациялык көзөмөлдө болгон.


Пробациялык көзөмөлдө жүргөн мезгилде, 2024-жылдын декабрь айында Р.К.Р. көзөмөл шарттарын одоно бузуп, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын Казакстанды көздөй "брод" деп аталган тилке аркылуу системалуу түрдө мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн.


2-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында тыюу салынган заттарды ташып кирүү жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында Р.К.Р. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Атайын кызмат кылмыштын баардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн