Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

1-6-класстын окуучуларын мектептерде окутуунун шарттары айтылды (тизме)

01.10.2020 16:02
1307
1-6-класстын окуучуларын мектептерде окутуунун шарттары айтылды (тизме)


Ушул жылдын 6-октябрынан тарта 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт.  Буга байланыштуу Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрликтери тарабынан тиешелүү алгоритм иштелип чыкты. 


Ага ылайык, окуу процесси: 

- мектептин окуучулардын санына жараша уюштурулат: 


- 200гө чейин окуучу болсо – бекитилген расписание (жүгүртмөгө) кадимки режимде жүрөт; андан көп сандагы окуучусу бар мектептерде ийкемдүү графикке ылайык окутулат.

 

- Баланын саны 200дөн 500гө чейин болсо – кадимки смендик окуу процесси уюштурулат. 

 

- 500 жана 500дөн жогору болсо – 2 сааттан кем эмес интервалы менен смендик окуу процесси уюштурулат. Булар туурасында министрлик кеңири маалыматтарды массалык-маалымат каражаттарынан берет.

 

- Сабактарды өткөрүүдө өзгөчөлүктөр болот. Атап кетсек: 


- Климаттык шарттарды эске алуу менен “Турмуш тиричилик коопсуздугу”, “Мекен таануу”, “Адеп”, “Дене тарбия” сабактарын таза абада өткөрүү сунушталды; 


- Эгерде окуучунун саны 500дөн жогору жана шарттары жок болгон мектептер болсо, анда табигый-так илимдер багытындагы предметтер реалдуу режимде окутулат;

 

- Ал эми гуманитардык багыттагы предметтер дистанттык формада өткөрүү каралды;


- Бир нече тыюу салуулар бар: мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбейт, ата-энелер менен башка адамдар имаратка киргизилбейт;   


- Тазалоо иштеринде: мектептерге, класстарга, ички жайларга бир нече санитардык талаптар коюлду. Мисалы,убагында желдетип туруу, дезинфекциялоочу каражаттар менен күнүгө 2 жолу тазалап туруу жана башка ушул сыяктуу; 

 

- Ошону менен бирге мектептин короосу, анын аймагы, спорт аянтчалары, мектепке жанаша жайгашкан имараттар да дайыма дезинфекцияланып турууга тийиш; 

 

- Окуучулардын жана мектепте иштегендердин бардыгынын ден соолугун күнүгө текшерип туруудан тышкары, балдар менен туруктуу байланышта болгон адамдардын (мугалимдер жана башка персонал) маска режимин сактоосу катуу талап кылынат; 

 

-  коронавирус инфекцияны алдын алуу чаралары тууралуу, жеке гигиена, кол гигиенасы жана жөтөл этикетин сактоо боюнча көрсөтмөлөрдү берүү зарыл; 

 

- Демек, санитардык талаптар толук сакталууга тийиш. Мектептин жетекчилери толук жоопкерчиликти алып, 6-октябрга карата окуу иштерин баштаса болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн