Тогуздун айы 29, 2025
Убакыт: 13:20
USD
87.30
87.80
EUR
101.40
102.40
RUB
1.095
1.125

Адылбек Касымалиев ЕРӨБдүн вице-президенти Маттео Патроне менен жолукту

29.10.2025 10:05
55
Адылбек Касымалиев ЕРӨБдүн вице-президенти Маттео Патроне менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Маттео Патроне менен жолукту.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана энергетика, инфраструктура, жеке секторду колдоо сыяктуу негизги тармактарда артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.


Адылбек Касымалиев ЕРӨБ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө токтолду: ИДП быйылкы жылдын тогуз айында 10%га өстү жана 2030-жылга карата ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү боюнча амбициялуу максатты белгиледи.


Минкаб төрагасы Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги багыттарына токтолду, алар масштабдуу индустриялаштыруу, аймактык хабды өнүктүрүү, айыл чарбасын колдоо, туризмди стимулдаштыруу, жашыл энергетиканы артыкчылыктуу өнүктүрүү.


Приоритеттүү инфраструктуралык долбоорлордун арасында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан стратегиялык темир жолунун курулушу, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору жана башка ири демилгелер аталды.


Өз кезегинде Маттео Патроне Кыргызстандын экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн жогору баалап, жетишилген көрсөткүчтөрдүн маанисин белгиледи. Ал ЕРӨБ өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун ырастады жана Минкаб төрагасы белгилеген приоритеттүү багыттар боюнча кызматташууга өзгөчө кызыкдар экенин билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык пландаштырылган багыттар боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн