Тогуздун айы 24, 2025
Убакыт: 15:55
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

Адылбек Касымалиев дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

24.10.2025 13:16
53
Адылбек Касымалиев дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 


Төмөндө куттуктоонун тексттин келтиребиз:


"Урматтуу дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана ардагерлери!


Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. 


Кыргыз дипломатиясы элибиздин бай тарыхый мурасына, кылымдар бою кошуналар менен өз ара сыйлашуу, адилеттүүлүк жана ишенимдин негизинде мамиле кура билген ата-бабаларыбыздын акылмандуулугуна таянат. 


Быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы дүйнөлүк тартиптин кайра курулушунун дооруна туш келип турат.


Бүгүнкү күндө Кыргызстан эл аралык укуктун, тең укуктуулуктун жана өз ара урматтоонун принциптерине негизделген тең салмактуу, тынчтыкты сүйүүчү жана көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзүп жатканын баса белгилөө маанилүү.


Кыргызстандын эл аралык аренадагы активдүү позициясы эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин, биринчи кезекте БУУ, ШКУ, ТМУ, ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ, ИКУ жана башкалардын ишине конструктивдүү катышуусу менен бекемделет. 


Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан бир эле учурда Түрк мамлекеттеринин уюмуна жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылды. Өткөн айда, сентябрь айында, Тяньцзинь шаарында биздин өлкө дагы бир эл аралык бирикмеге – Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу миссиясын өзүнө алды. 


ШКУга төрагалык кылган жылыбызда Кыргызстанда маанилүү саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана спорттук иш-чаралар белгиленген. 


Соңку эки жылдан бери Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жылдыруу боюнча активдүү дипломатиялык иштер уланууда, анын шайлоосу кийинки жылы өтөт. 


Ушуга байланыштуу, келе жаткан жылы сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана билимиңиздер болуп көрбөгөндөй талап кылынат.


Кымбатуу дипломаттар!


Министрлер кабинети экономиканын стратегиялык секторлоруна – энергетикага, транспортко, өнөр жайга, логистикага, санариптештирүүгө жана туризмге-инвестицияларды тартуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө. 


Биздин өлкө өзүнүн транспорттук-транзиттик жана энергетикалык потенциалын чыңдап, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, тоо экосистемаларын коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатында эл аралык аренада бир катар эл аралык демилгелерди алдыга жылдырууда. 


Акыркы жылдары өлкөбүздө жетишилген экономикалык өсүш кесипкөй дипломаттарыбыздын күнүмдүк эмгегинин аркасында дагы мүмкүн болду. Мамлекеттин кызыкчылыктарын алдыга жылдырып, эл аралык өнөктөштөр менен байланыштарды түзүп, Кыргызстанга жаңы инвестицияларды жана технологияларды тартып жаткан чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүбүздөгү кызматкерлерибизге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктарын коргоо боюнча жасалып жаткан иштерди белгилейм.


Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүн дүйнөнүн ар кайсы континенттеринде кеңейтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жеке колдоосу менен 2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын Франциядагы, Италиядагы, Венгриядагы, Монголиядагы, Эфиопиядагы элчиликтери, ошондой эле Чикагодогу, Санкт-Петербургдагы, Казандагы жана Анталиядагы башкы консулдуктары түзүлүп, иштеп баштады. Бул иш келечекте да улантылат.


Дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүбүздүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча олуттуу аракеттер көрүлүүдө.


Быйыл Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Ош шаарында ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имараты ачылды.


Мындан ары да дипломаттарыбыз үчүн татыктуу шарттарды түзүү улантылат.


Урматтуу дипломатиялык кызматтын ардагерлери, 

Урматтуу дипломаттар!


Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын алдында бир катар маанилүү милдеттер турат, аларды ишке ашыруу сиздерден күнүмдүк күч-аракетти, жан аябастыкты жана өмүр бою арнаган ишиңиздерге болгон чыныгы сүйүүнү талап кылат.


Мен бул иште кыргыз дипломатиясынын ардагерлеринин көп жылдык баа жеткис тажрыйбасы жана алардын турмуштук акылмандыгы дипломатиялык жолго биринчи жолу кадам таштап жаткан жаш адистер үчүн кесипкөй жол көрсөткүч, Мекенге жан аябастык менен кызмат кылуунун үлгүсү бойдон кала берерине ишенем.


Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубатчылык жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалайм".

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн