Тогуздун айы 24, 2025
Убакыт: 15:17
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

Кыргызстанда туристтик жыйым киргизүү сунушталууда

24.10.2025 13:05
34
Кыргызстанда туристтик жыйым киргизүү сунушталууда


Кыргызстанда туристтик жыйым киргизүү сунушталууда. Финансы министрлиги даярдаган мыйзамдын долбоору коомдук талкууга илинди. 


Жыйым мейманкана, отель, жатакана, санаторий, эс алуу жана конок үйлөрү сыяктуу объектилерде убактылуу жашаган жеке адамдардан алынат. Ал салыктык эмес төлөм катары каралып, түшкөн каражат туризм инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана маданий мурастарды сактоого багытталары көрсөтүлгөн. 


"Акыркы жылдары Кыргызстанда туризм тармагы активдүү өнүгүүдө. Эгерде 2012-жылы өлкөгө 300 миң чет элдик жаран келген болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 9 миллионго жеткен", — деп айтылат документтин негиздемесинде. 


Андан тышкары, былтыр эле туристтик объектилерди курууга жана жаңылоого 23 миллиард сомдон ашык инвестиция жумшалганы белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн