Тогуздун айы 24, 2025
Убакыт: 15:51
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

Курулуш министрлиги алдамчылар тууралуу эскертти

24.10.2025 13:13
30
Курулуш министрлиги алдамчылар тууралуу эскертти


Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууну эскертти. 


Ведомствонун маалыматына караганда, азыркы учурда өздөрүн министрликтин кызматкери катары тааныштырып, телефон аркылуу шек жараткан билдирүүлөрдү жазып же акча каражатын которууну суранган учурлар катталууда.


"Министрлик мындай аракеттерге эч кандай тиешеси жок жана мессенджерлер аркылуу же жеке байланыштар менен акча чогултуу иштерин жүргүзбөйт.


Этият болууну, шектүү билдирүүлөргө ишенбөөнү, мындай фактылар болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн