Кулжа 20, 2025
Убакыт: 07:33
USD
87.30
87.80
EUR
99.70
100.70
RUB
1.107
1.140

14-сентябрь: COVID-19 менен пневмониянын 47 учуру катталып, 101 бейтап айыкты

14.09.2020 11:20
804
14-сентябрь: COVID-19 менен пневмониянын 47 учуру катталып, 101 бейтап айыкты


Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 47 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 14-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


- Бишкек шаарында - 8

- Ош шаарында - 2

- Чүй облусунда – 2

- Ош облусунда - 2

- Нарын облусунда - 1

- Ысык-Көл облусунда – 8

- Жалал-Абад облусунда – 10

- Баткен облусунда - 14.


Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 44928ди түздү. 


Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 101 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 41 023. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн