Раззаков шаарында КР Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 115 жылдыгына арналган эскерүү иш-чара болуп өттү.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
Алгач коноктор Исхак Раззаковдун музейинде улуу инсандын өмүр жана эмгек жолу менен таанышты. Музейде анын колдонгон жеке буюмдары, архивдик документтери, үй-бүлөсү жана замандаштары менен түшкөн сүрөттөрү, ар кандай сыйлыктары экспонат катары сакталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик ишмердин айкелине гүл чамбар коюлуп, арбагына багышталып куран окулду. Ошондой эле Лейлек районундук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Исхак Раззаковдун өмүр жолу жана элге сиңирген эмгеги боюнча сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды.
Айбек Шаменов КР Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун Кыргызстанды кыйын кезеңден алып чыккан көрөгөч жетекчи болгондугун өлкөнү социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан алга жылдырган, мекендин кызыкчылыгын жогору койгон өзгөчө инсан экендигин белгилеп өттү.
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 115 жылдыгынын урматына шаар борборунда түндүк жана илегилек кушунун элеси түшүрүлгөн айлампа мунарасынын ачылышы болду. Мунаранын бийиктиги 20 метрди түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланып долбоордук баасы 4 миллион сомду түзөт. Мунара айлампага кошумча жарыктандыруу орнотулуп, шаардын кире беришине курулган. Түндүк жана илегилек кушунун элеси тынчтыктын, биримдиктин жана эл ичиндеги ынтымактын символу катары кабыл алынат.
Бул эскерүү иш-чара залкар инсандын өрнөктүү өмүрүн, ак эмгегин жана эл үчүн калтырган мурасын кийинки муундарга үлгү катары жеткирүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн