Тогуздун айы 28, 2025
Убакыт: 22:12
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.090
1.125

Аскерлерге бөлүнгөн азык-түлүктү уурдап сатып жүргөн прапорщик кармалды

28.10.2025 17:33
27
Аскерлерге бөлүнгөн азык-түлүктү уурдап сатып жүргөн прапорщик кармалды


Аскерлер үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү уурдоо фактысы ачыкка чыгып, жооптуу кызматкер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, Аскердик прокуратурасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам аракеттеринин жүрүшүндө, аскер бөлүктөрүнүн биринин азык-түлүк кампасынын начальниги, прапорщик С.К.А. кармалды. Ал аскер кызматкерлери үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү (колбаса, макарон, күрүч, туз, шекер, май жана башка продукциялар) системалуу түрдө өзүнө ыйгарып, андан ары базарга арзан баада мыйзамсыз сатып жүргөндүгү аныкталды.


Жүргүзүлүп жаткан кылмыш ишинин алкагында прапорщик С.К.А. кезектеги мыйзамсыз сатуу учурунда кармалып, камакка алынды.


Учурда бул кылмышка башка кызмат адамдарынын катыштыгы боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн