Бугу 06, 2025
Убакыт: 20:47
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

16-май: Коронавирустан 38 адам сакайып, 6 киши жуктуруп алды

16.05.2020 11:05
982
16-май: Коронавирустан 38 адам сакайып, 6 киши жуктуруп алды


Кыргызстанда 16-майга карата бир сутка ичинде 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты, ал эми жаңы жуктурган 6 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, ооруканадан чыккандар Бишкек шаары 31, Жалал-Абад облусу 5 жана Нарын облусу2. Муну менен республика боюнча жалпы 783 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


Ал эми республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 6 учур катталды: Бишкек шаары –  3, Ош шаары1, Ош облусу1 жана Баткен облусу – 1 катталып, жалпысынан 1117 адамды түздү.


Стационарда 320 дарыланып жатат, алардын ичинен реанимациядагысы 4, каза патканы 14 адам.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн