Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:27
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

18-апрель: Тартип бузган 93 жаран кармалып, 8 унаа токтотулду

18.04.2020 11:04
937
18-апрель: Тартип бузган 93 жаран кармалып, 8 унаа токтотулду


Бүгүн, 18-апрелге карата Кыргызстандын өзгөчө абал аймактарында коменданттык саат кирген 21:00дөн саат 6:00гө чейин жалпы республика боюнча эрежени эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн 93 жаран кармалды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.


Бул адамдар ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилип, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулду.


Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 74,

Жалал-Абад шаары боюнча – 5,

Ош шаары боюнча - 6,

 Ат-Башы району боюнча - 5,

Кара-Суу району боюнча - 3.


Ал эми Нарын шаары, Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.


Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2798 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.


ИИМ
жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн