Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди

28.09.2020 13:45
1196
2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, токтом кылынат:

— 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилсин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип Стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунушталсын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Стратегияны ишке ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу сунушталсын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координациялоо жана мониторинг жүргүзүп туруу сунушталсын.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн