Жетинин айы 04, 2025
Убакыт: 17:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Египетке учуп кетти

04.11.2025 11:52
26
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Египетке учуп кетти


Бүгүн, 4-ноябрда, президент Садыр Жапаров Египет Араб Республикасына расмий сапар менен президент Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча учуп кетти.


Белгилей кетсек, бул визит — Кыргыз Республикасынын тарыхында эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине жасалган алгачкы расмий мамлекеттик сапар болуп саналат.


Эки күнгө созулуучу сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сиси эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, ошондой эле эл аралык жана региондук күн тартибине байланыштуу пикир алмашууларды өткөрүшөт.


"Мындан тышкары, расмий сапардын жыйынтыгында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка тармактар боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу каралган. Бул келишимдер Кыргызстан менен Египеттин алакаларын мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзөт", — деп белгиледи Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн