Жетинин айы 04, 2025
Убакыт: 16:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Римде IX кылымдагы эң байыркы мунаралардын бири урап түштү

04.11.2025 09:43
28
Римде IX кылымдагы эң байыркы мунаралардын бири урап түштү


Римдин борборунда IX кылымда курулган эң белгилүү мунаралардын бири - Torre dei Conti жарым-жартылай урап түштү. Бир нече адам жабыркап, бир жумушчу кыпчылып калганын Tengri Travel агенттиги билдирди.


Италиялык ANSA гезитинин маалыматына караганда, мунара оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жумушчулар үстүнкү кабаттарды калыбына келтирип, дубалдарды бекемдеп жатышкан. Алгачкы урап түшкөндөн кийин дубал менен чатырдан шыбактын жана таштын бөлүктөрү кулап, коюу чаң пайда болгон.


Куткаруу операциясы учурунда экинчи жолу урап түшүү болду. Таш жана чаң мунаранын түбүндө иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөрдү басып калган. Бактыга жараша, алардын эч кимиси оор жаракат алган эмес.


Рим прокуратурасы кыйроого карата шалаакылык беренеси боюнча тергөө ишин баштады. Өндүрүштүк кырсыктарды иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүлөрү жана эксперттери техникалык экспертиза жүргүзүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн