Баш оона 05, 2025
Убакыт: 11:19
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

2021-жылы Казакстанда кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйыны өтөт

06.02.2021 21:00
1027
2021-жылы Казакстанда кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйыны өтөт

Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана суу-энергетикалык тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын маселелерин талкуулады.


Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар 2021-жылы Казакстан Республикасынын аймагында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынын өткөрүүнү макулдашты.


Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана ишине ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн