Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

2023-жылы Кыргызстан 20,2 тонна алтын сатты

16.02.2024 11:49
451
2023-жылы Кыргызстан 20,2 тонна алтын сатты


2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан 1 миллиард 284,3 миллион долларлык 20,2 тонна алтын экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.


Бир айда бул көрсөткүч 4,7 тоннага өскөн. Ошол эле учурда 2022-жылы 1,3 миллион долларлык 290 килограмм гана баалуу металл сатылган.


Өткөн жылы алтынды экспорттоонун көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 69 эсеге өскөн.


Баалуу металлдын экспортунун негизги көлөмү Швейцарияга – 1 миллиард 88,2 миллион долларга 17 тоннадан ашык болгон. 2023-жылдын 11 айынын маалыматы боюнча экспорт 12,7 тоннаны түзгөн. Декабрь айында Швейцарияга дагы 4,2 тонна алтын экспорттолгон.


Кошумчалай кетсек, республика Гонконгго 115,4 миллион долларга 1,8 тонна, Бириккен Араб Эмираттарына 80,3 миллион долларга 1,29 тонна баалуу металл жеткирген.


2022-жылы дээрлик бардык алтын Түркияга экспорттолгон. Өткөн жылы бул өлкөгө жеткирүү болгон эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн