Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

2023-жылы мамлекеттик бюджеттин профицити 12,6 млрд сомду түздү, - Улуттук статистика комитети

20.02.2024 15:00
449
2023-жылы мамлекеттик бюджеттин профицити 12,6 млрд сомду түздү, - Улуттук статистика комитети


2023-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелери чыгашалардан 12,6 миллиард сомго көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин сайтында жарыяланган маалыматта белгилүү болду.


Ведомствонун маалыматы боюнча, 2023-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 392,1 млрд сомду түздү. Негизги кирешелер 294 миллиард сом өлчөмүндө салыктык түшүүлөрдөн түшкөн, анын 117 миллиард сому өлкөгө импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгынан түшкөн.


Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 379,5 миллиард сомду түзүп, анын бир кыйла бөлүгү төмөнкүдөй багыттарга туура келген:

- Билим берүү 74 млрд сом;

- Саламаттыкты сактоо 29 млрд сом;

- Коргоо, коомдук тартип жана коопсуздук 42 млрд сом;

- Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр 41 млрд.


Ошентип, 2023-жылы акыркы 15 жылда биринчи жолу 12,6 миллиард сом деңгээлинде бюджеттин профицити пайда болду. Акыркы жолу мындай көрүнүш 2008-жылы байкалып, анда мамлекеттин кирешеси 46,6 миллиард сомду, чыгашасы 45 миллиард сомду түзгөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн