Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:41
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

2024-жылдын I кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8% түзгөн

11.04.2024 14:26
720
2024-жылдын I кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8% түзгөн


2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8%ды түздү, Кумтөр кенин эсепке албаганда — 9,8%. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өнүгүү темпин тездетүү саясатынын натыйжалуулугун көрсөтөт.

"Бул жөн эле сандар эмес. Бул президенттин командасынын акыркы үч жылдагы күжүрмөн эмгегинин натыйжасы. Биз туура жолдо баратабыз жана биздин милдет – траекторияны сактап калуу, алдыга жылуу, мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө артыкчылык берүү. Биздин максат – Кыргызстандын туруктуу келечегин түзүү, анда ар бир жаран өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот", – деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын биринчи кварталынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүү темпи 3 эсеге жогору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн