Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

2024-жылы “Кыргызкөмүр” ишканасы Кытайга көмүр экспорттойт

15.12.2023 15:28
715
2024-жылы “Кыргызкөмүр” ишканасы Кытайга көмүр экспорттойт


2024-жылы “Кыргызкөмүр” ишканасы Кытайга көмүр экспорттой баштайт. Бул тууралуу экинчи Элдик Курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


Көмүр төрт кенден – Ак-Улак, Урмезан, Кара-Кече жана Беш-Буркандан казылат.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2025-жылга чейин Нарын облусунда көмүрдү байытуу заводу куруларын билдирди.


Өкмөт башчы белгилегендей, 2024-жылы 30 миң тонна битум өндүрүлүп, 450 чакырым жол асфальтталат.


«Түндүк-түштүк жолундагы Көк-Арт туннели бүткөрүлүп, жол ачылат», - деди ал.


Мындан тышкары, министрлер кабинети 2026-жылы пайдаланууга берилиши күтүлүп жаткан Балыкчы-Кочкор темир жолунун дагы 20 чакырымын курууну пландоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн